Ingenuity
Parker Ingenuity'нин «визиттик карточкасы» — колуңуздун жазуусуна ыңгайлашып, жазуу процессин андан да ыңгайлуу кылган инновациялык «акылдуу» жазуу түйүнү. Бул коллекциядагы калемдердин дизайнына шакек сымал деталдар жана металлдын асыл жаркыроосу менен жумшак каучуктан жасалган күңүрт элементтердин контрасты мүнөздүү. Ар кандай каптоолор каалаган стилге ылайык моделди тандоого мүмкүндүк берет — эркекче хромдолгон жасалга же классикалык кара лак, седеп же розовый алтындын назик каптамасы. Ingenuity сериясындагы калемдердин корпусу эки түрдө болот — Slim (ичке) жана Large (чоңойтулган). Мунун баары Ingenuity'ни 5-муундагы Parker калемдеринин татыктуу үлгүсү кылат. Аларда заманбап материалдар, жаңычыл инженердик чечимдер жана легендарлуу маркага мүнөздүү туруктуу жылтырак айкалышкан.